Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Анда айтылгандай, наристелер үйүнүн жетекчиси Татьяна Гринько премьер-министрге суук түшкөндө жылуулук берилбегенине карабай бөлмөлөр жылуу болгонун айтты. Кайсы бир убакытка чейин борбордук жылуулук берүү иштебесе дагы, имаратта жылуулук берүүнүн альтернативдүү булактары алдын ала каралгандыктан, наристелер суукта калышкан жок. Бул учурларда бөлмөдөгү абанын температурасы +24-25 градусту көрсөтүп турган.

 

Жетекчинин бул сөзүнө таянып өкмөттүн басма сөз кызматы буга чейин ММКларда жарыяланган, Токмоктогу наристелер үйү суукту жылуулуксуз отурат деген маалыматтарды төгүнгө чыгарды.

 

Сооронбай Жээнбеков Токмок шаарынын мэри  Жыргалбек Шамыралиевдин жылуулук сезонуна жакшы даярданбаган ищмердүүлүгүн сынга алды.

 

Эске салсак, жылуулук сезонунун башталганына карабай, Токмоктогу ымыркай кезден тартып 4 жашка чейинки ата-энесиз балдар тарбияланган наристелер үйүнө жылуулук берилбегени боюнча коомчулукка коңгуроо кагылган эле. Бул маалымат соцтармактарда катуу талкууга алынып, колдонуучулар суукта тоңуп отурган наристелерден кабар алып коюуну бийликтен суранышкан. Мындай талкуудан улам өкмөт башчы да Токмокко иш сапары менен барууга убакыт тапкан эле...