Бишкек ШИИБинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкекте 40-45 жаш курагындагы азият улутундагы аял мейманканалардын бирин сойкуканага айлантканы тууралуу кабар келип түшкөн.

 

Анда денесин саткан кыздардын кызматы саатына 1000ден 1500гө чейин тураарын билдиришкен.

 

Свердлов райондук сотунун чечими менен мейманкананы тинтүүгө санкция берилген. Анын негизинде саунанын администратору 1973-жылы туулган К.Ж. аттуу Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну кармалган. Андан акчалай каражат табылган. Мейманканадан көп убакттын бери интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенип келаткан үч кыз да табылган. Администратор убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Тергөө амалдары уланууда.