Анда айтылгандай, буга чейинки процесстерде акыркы сөзүн айтуудан баш тарткан айыпталуучу Томас Мейр өкүм чыкканда сөз сүйлөөгө өтүнүч келтирди. Бирок, судья Алан Уилки уруксат берген эмес. 

 

Лейбористтик партиядан Коомдук палатанын мүчөсү, европачыл өнөктүктүн активисти Жо Кокс 16-июнда, Бирстоль шаарчасындагы шайлоочулар менен жолугушууга барган маалда өлтүрүлгөн. Мейр аялга карата үч жолу ок чыгарып, андан соң бир нече жолу бычак менен сайган. Кол салуу маалында ал «Биринчи кезекте Британия!» деп кыйкырып, кийин Жо Кокско жардам берүү аракетин көргөн көчөдө бараткан 77 жаштагы адамды сабап салган.

Анда аза күтүүгө байланыштуу референдум алдындагы үгүт өнөктүгү бир нече күнгө үзгүлтүккө учураган. 23-июнда өткөн жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында британдыктардын көбү өлкөнүн Европа биримдигинен чыгышын колдоп добуш беришкен.

 

Саясатчылар Жо Кокстун өлтүрүлүшүн "демократияга жасалган чабуул» деп аташкан.