Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Чиназдагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун директору болгон Самандар Кукановдун жаза мөөнөтү быйыл 6-октябрда бүткөн. Бирок 23 жыл түрмөдө жаткан саясий туткунду бошотуунун ордуна сот аны 7-октябрда дагы 5 жылга эркинен ажыраткан.

 

Самандар Куканов 1993-жылдын июль айында “мамлекеттик мүлктү ыксыз короткон” деп айыпталып, камакка алынган. Ал 1994-жылы жыйырма жылга абакка кесилген. Бир жарым жыл убактылуу кармоочу жайда отурганы эске алынган эмес. 2014-жылы Кукановдун жаза мөөнөтү дагы үч жылга узартылып, кийин бир жылы кыскартылган.

 

Самандар Куканов 1989-жылы азыркы премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзёев менен бир чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

 

Анын тарапташтары Кукановго кылмыш иши саясий негизде, Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун буйругу менен козголгонун айтып келишет. Самандар Куканов көз карандысыз Өзбекстандын тарыхындагы эң узак мөөнөткө түрмөгө отурган саясий туткун болуп эсептелет.