Буга чейин дайындалган психиатриялык экспертизалар айыпталуучу өнөкөт психикалык оору менен жабыркай турганын аныктаган.


Россиянын  Тергөө комитетинин сайтында маалымдалгандай, ушул жылы февралда Өзбекстан жараны Гүлчехра Бобокулова "Октябрьское поле" метро станциясынын жанында кармалган. Ал колуна мууздалган баланын башын көтөрүп жүргөн.

 

Бобокулова 4 жаштагы кызды карап иштечү. Наристенин ата-энеси үйдөн кеткен соң, ал кызды өлтүрүп, батирди өрттөп, кылмыш болгон жерден чыгып кеткен. Андан соң жардыруу жөнүндө айткан.