Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мигранттар үчүн ыңгайлуу шартты сунуштаган мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылды. Эми мыйзамга кол коюлса, кыргызстандык мигранттар Россияда каттоосуз 30 күн жүрө алышат. 


Азыркы кезде Кыргызстандын жарандары Россияда 7 күн каттоосуз жүрүүгө укуктуу. Бул келишим ратификацияланса 30 күнгө чейин узартылат. Ал эми орус жарандарынын Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө кыскартылууда.

 

Мамлекеттик каттоо кызматы учурдагы мыйзамга ылайык Россиянын жарандары Кыргызстанда бир жуманын ичинде катталышы керектигин айтууда. Бул эрежени сактабаган чет элдик жарандарга 10 миӊ сомго чейин айып салынат.