Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун небереси экинчи Ислам Каримов апасы Гүлнара Каримованын тирүү экенин кабарлады. Ал тууралуу “киши колдуу болуптур” деп айтылып аткан кептерди жалганга чыгарып, апасы үчүн санааркап аткан дүйнө коомчулугуна ыраазычылыгын билдирди.

 

Бул тууралуу “Фергана” МА жазып чыкты.

 

Лондондо жашап аткан 23 жаштагы Ислам Каримовдун айтымында, Гүлнара Каримова 2014-жылдын февраль айынан бери үй камагында кармалууда. Карындашы Иман үй камагынан бошотулган, бирок Өзбекстандан сыртка чыга албайт.

 

Ал “Каримовдун балдары” коомчулугунун баракчасына: “Апамдын, Гүлнара Исламовнанын өлүмү тууралуу кабар дүйнө жүзүнө тарады. Ошондуктан мен бул катты жазууну туура деп таптым. Таятам каза болгондон бери кайгыга батып, эч ким менен сүйлөшкүм келбей жүрөт Апама чалсам телефонго жооп бербеди. Мен Лондондогу Өзбекстандын элчилигине кайрылайын дегем, бирок карындашым телефон чалып апамдын тирүү экенин айтты”, - деген билдирүү калтырган.

 

Айтымында, апасы менен карындашы Иман Ташкентте жашап атышат, аларда баары жакшы. Гүлнара Каримованы психикалык жактан оорулуулардын ооруканасына жаткырышкан эмес.