Бул акцияны KeyDriver компаниясынын өкүлү Дастан Сүйүнтбеков уюштуруп атат. Айтымында, акцияга кошулууну каалагандар уюлдук телефонуна кайсы жерде унаа күткөндөр бар экени көрүнүп турган атайын тиркемени жүктөшү керек.

 

“Кар жаап, катуу суук түшкөндө унаа маселеси кыйын экени билинип калды. Адамдар аялдамаларда 30-40 мүнөт автобус күткөнгө аргасыз болушууда. Ошондуктан, суукта адамдар бири бирибизге кол сунуп, багыты бир болгон айдоочу менен жүргүнчүнү табыштыруу идеясы келип чыкты”, - дейт уюштуруучу.

 

Айтымында, айрым айдоочулар бекер жеткиришсе, айрымдары зарылдыкка жараша 30 сомдон 50 сомго чейин акы алышат.