Өмүрбек Текебаев Бишкек ШИИБинин “Текебаев жубайы менен үйүнүн тонолушу боюнча ачылган ишке көрсөтмө берүүгө убактылары жоктугун щылтоолоп келбей атышат” деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

 

Эске салсак, ушул жылдын 14-ноябрында Текебаевдин Бишкек шаарындагы Баетов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирине белгисиз адамдар киришкен. Саясатчы укук коргоо кызматтарын чакырган.

 

“Өмүрбек Текебаев Биринчи май райондук ИИБи аны көрсөтмө берүүгө чакырганын ММКларда жарыяланган маалыматтардан улам билген. Андан тышкары ага ушул кезге чейин  үйгө белгисиз адамдар бастырып киришкени тууралуу кылмыш иши ачылганын расмий кабарлашпаган. Ошондуктан, кандай повестка, кандай сурак тууралуу сөз болушу мүмкүн?” – деп жооп берди “Ата Мекен” партиясынын басма сөз бөлүмү.

 

Анда белгилешкендей, укук коргоо кызматкерлери үйдө тоноо болгондон кийин эч нерсе жоголбогонбу, демек, үйгө да эч ким кирген эмес деген тыянак чыгарышып, маалымат каражаттарына билдирүү таратышкан.

 

“Эми гана  акыры иш ачышканы маалым болду. Сыягы, бул Өмүрбек Текебаев “погончон тамашакөйлөрдүн” көзүнө КР Кылмыш жаза Кодексиндеги “Турак-жайга мыйзамсыз кирүү” беренесин көрсөтүп бергенинен кийин болду окшойт. Бирок, укук коргоо кызматкерлери ишти ачышканын ачышып, ал тууралуу жабырлануучуну кабардар кылуун унутуп калышыптыр. Анткен менен ММКларга маалымат таратууга үлгүрүшүптүр”, - деп жазат аталган партиянын басма сөз кызматы.

 

Партия “ИИМдин жаңы министри Улан Исраилов мындай ыкмалар менен реформа жасап жибериши деле күмөн” деген ишенбөөчүлүктү пайда кылган.