Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын  19-октябрында кабыл алынган.

 

Протокол менен Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна  соода процедураларын жөнөкөйлөтүү каралган өзгөтүүлөр киргизилет.

 

Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча Макулдашуунун максаты – бажы процедураларынын натыйжалуулугун арттыруу жана тездетүү, соода чыгымдарын азайтуу, сооданы жигердештирүү жана эл аралык соодадан пайда көрүү.

 

Документте өнүккөн өлкөлөр менен экономикалык жактан начар өнүккөн өлкөлөр үчүн атайын жана дифференцияланган режимди орнотуу  жана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө  өлкөлөрдүн милдеттенмелерин теңдемелөө каралган.

 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.