«Президенттин өтүнүчү менен кеңири талкууну камсыз кылуу жана оппозициячыл партиялар сунуштарын иштеп чыксын деп убакыт берүү үчүн мыйзам долбоорун парламенттен чакыртып алып, комиссияга берип жатабыз», – деди Йылдырым 22-ноябрда.

 

Документ башкаруучу Адилет жана өнүгүү партиясынын өкүлдөрү басымдуулук кылган парламенттеги акыркы добуш берүүгө бир аз калганда чакыртылып алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, эгер эркек зордукталган кызга үйлөнсө ага күнөө тагуу белгисиз мөөнөткө жылдырылат же таптакыр жазаланбайт.

 

Мыйзам долбоору Түркияда нааразылык акцияларын жаратты. Сынчылар мыйзам долбоорунун кабыл алынышы зордуктоолорду жана кыздардын эрте турмуш курууларын мыйзамдаштырат деп эсептешүүдө.

 

Түркияда эрезеге жетүү курагы катары 18 жаш эсептелет.