Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкө жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо боюнча Жогорку соттун Конституциялык палатасынын азыркы иштери тууралу маалымат берилди.
Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сапаттуу жактоо үчүн конституциялык көзөмөлдүн жогорку органынын натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Президенттин сөзү боюнча, мамлекеттин адилеттигине адамдардын ишенимин бекемдөө аркылуу гана укуктук мамлекетти куруу идеясын жана демократиялык реформаларды шайма-шай жүзөгө ашыруу мүмкүн.