Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Анда айтылгандай, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын өкүлү Адилет Жумабеков газдын техникалык жоготууларынын 11 пайыздык көрсөткүчү Өкмөт тарабынан бекитилгенин билдирди. «Уша тапта Кыргызстан аймагында 2600 км газ түтүгү бар, анын 40 пайызы тобокелдүү. Газ түтүгү эскирген жерлерге жоготуулар арбын», - дейт ал.

 

Бир катар «Газпром Кыргызстан» компаниясынын мындай мамилесине нааразы болуп, жоготуулар кардарлардын эсебинен толтурулбашы керектигин айтышты. Депутат Абдимуктар Маматовдун пикиринде, техникалык жоготуулар болот, бирок ал 2 пайыздан ашпоого тийиш. «Кандай себептен Өкмөт жоготууларды 11 пайыз деӊгээлде белгиледи? Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев «Эмне, баардык жерде эле жыртык бар бекен?» деген собол салды.

 

Жыйынтыгында тармактык комитет Өкмөткө газдын техникалык жоготууларынын өлчөмүн кайрадан тактап чыгууга сунуштама берди.