АКШнын жаңы президенти болуп Дональд Трамптын шайлоодон жеңип чыгышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Анын президент болгонго чейинки саясаттагы жана коомдук турмуштагы эл оозунда аңыз катары сакталып калчудай болгон ой-пикирлеринин тогузу  тандалып алынды.

 

 

 

 

Россия тууралуу

 

Мен Москвада эки жыл мурун болгом. Эмнени айта алам? Бул адамдар менен тил табышууга болот, ал турмак өтө жакшы мамиле курууга да мүмкүн. Келишимдерге да барууга мүмкүн. Обаманын колунан келбейт.

 

Байлык тууралуу

 

Байлык- мен үчүн алдыга так коюлган максаттарга жетүүнүн куралы.

 

Акча тууралуу

 

Кайсы бир буюмду сатып алууда соодалашып, баасын ылдый түшүрүүдөн тартынбаш керек. Мен акчаны үнөмдөөдөн намыс үчүн баш тарткандыкты келесоолук деп эсептейм.

 

 

 

Чечим тууралуу

 

Кабыл алган ар бир чечимиңиздиди  сүйүктүүңүздү сүйгөндөй сүйүшүңүз  керек.

 

Пайдалуу кеңеш

 

Күзгүдөн кебетеңизди караганда, ал нерсе сизге ырахат тартуулашы керек. Эгер күзгүдөн кебетеңиз укмуш көрүнсө ишкерчиликтеги ийгилигиңиз да ошондой болот.

 

Жашоо тууралуу

 

Чыныгы миллиардерлер эч убакта убакытты шаштырбайт, жашоо жакшы нерсе, бирок тилекке каршы абдан кыска.

 

Адамдар тууралуу

 

Жашоо мага жакшы сабак берди: бир жолу сени саткан адам, дагы бир кыйынчылык болсо дагы да сатып кете берет.

 

Жумуш тууралуу

 

Менин компаниямда мага иштөөнү каалабагандар иштебеш керек. Бардык адамдар ушундай кадамга баруусу зарыл: кайсы жер көңүлүңүзгө жакпаса, ал жерде иштөөнүн кереги жок.

 

 

  

 

Балдар тууралуу

 

Эч убакта балаңызга ашыкча дүйнөнү колуна салып бербеңиз, бул менин сиз баланы эмгектенүү, баш иштетүү сыяктуу нерселерден “шал” кылып, даяр оокатка тап адамды өстүрүп коесуз.