Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын атасынын тирүү кезинде эле үй камагына алынып, коомчулук менен байланышы үзүлүп калган. Айрым маалымат каражаттары Каримованын 5-ноябрда уулануудан улам каза таап, сөөгү ошол эле күнү жерге жашырылып, бейити тегизделип коюлганын Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматында иштеген жашыруун өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

 

 

  

Эгерде Ислам Каримовдун өлүмү бир катар ММК аркылуу жарыяланган учурда да өзбек бийлиги аны бир канча убакытка жашырып, андан кийин гана ачыктаганын эске ала турган болсок, мурдагы ханбийке тууралуу бул маалыматтын да жаны бар деп ишенүүгө болот.

 

Бир кездерде Гүлнара Каримова соцтармактардын активдүү колдонуучусу болуп, тырмагына жасалган маникюр менен педикюрге чейин сүрөткө тартып, жалпы элге жарыялап турган. Азы да бул ат менен катталган колдонуучу байма –бай сүрөттөрдү жарыялап,  тирүү экенин кабарлап аткансыйт. Бирок, Каримова катары көрүнүп аткан колдонуучу фейк экени журналисттер тарабынан мурда эле ачыкталып калган.

 

Соцтармактарда Гулнара Каримованын өлүү-тирүүсүн аныктаган далилди көрсөтүү талабы коюла баштады. Эгер тирүу болсо видеокайрылуусун элге чыгаруусун айтышты.  Ал эми мурдагы ханбийкенин ысымы менен катталган фейк активдүү иш аракеттерди жасап, баракчасына сүрөттөрдү жүктөй баштады. Бирок, Каримованын соцтармактагы жигердүүлүгүн байкап жүргөн ар бир колдонуучу бул сүрөттөр эски архивден алынган сүрөттөр экенин жакшы билишет. Айрым сүрөттөр мурдагы кейпинен бир аз өзгөртүлгөнү, мисалы Гүлнара турган бөлмөнүн туш кагазы, кармап турган телефонундагы сүрөт өзгөртүлгөнү менен маникюру ошол бойдон калган.

 

 

 

Мындан улам коомчулукта Гүлнара чын эле бул дүйнөдө тирүү жоктугуна болгон ишеним бекемделип калды.

 

Өзбекстан бийлигинен Каримованын өлүмү тууралуу маалыматтын чын-жалганын билгиси келген маалымат каражаттарына президенттин аппараты азырынча жооп бере элек.

 

Бирок РИА Новости жазгандай, Каримовдордун үй-бүлөсүнө жакын адамдар анын тирүү экенин, кызы Иман менен чогуу жашап атканын билдирген.

Гүлнара Каримова Ислам Каримовдун мураскери катары айтылып жүргөн. Кийинчерээк Европада коррупцияга шектелип, банктагы эсептери тоңдурулган. А өзү издөө жарыялангандан улам Өзбекстандан сыртка чыга албай, Ташкентте турук алып калганга аргасыз болгон. Мына ушул учурдан баштап жыргал жашоодон башканы билбеген ханбийкенин тагдырындагы кара чийин башталып, атасы Ислам Каримов экөөнүн ортосундагы мамиле начарлаган. Түнү анын Ташкенттеги кызы Иман менен жашаган үйүнө аскер адамдары бастырып киришип, жарандык никедеги күйөөсүн, курбусун камакка алышып, аны менен кызын үй камагына калтырышкан. Ал соцтармак аркылуу алгач кыйынчылыкта калганын коомчулукка кабарлап турса, кийин бул байланыштан да кол жууган. Маалымат булактарына анын короодо да кайтаруучулар менен сейилдей турганын чагылдырган сүрөт жарыяланган.

 

 

 

Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына да Гүлнара кызы жана уулу менен катышкан эмес. Көңүл айтуу сөзүн сүйлөп аткан учурдагы президент Шавкат Мирзеев Каримовдун бир гана кызы - Лола бардай түр көрсөтүп, Гүлнаранын ысымын оозанган эмес. Ушундан улам анын акыбалы кыйын экендиги, ал турмак бул жарык дүйнөдө жоктугу божомолдоно баштаган.