Бишкекте “Лексус” үлгүсүндөгү автоунаанын  ичинен 700 миң доллар салынган сумканы уурулар уурдап кетишкен.Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Анда айтылгандай, 18-ноябрда Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, болжол менен саат 17:00дөр чамасында 25-35 жаш курактагы белгисиз жарандар "Лексус GX470" үлгүсүндөгү автоунаанын арткы эшигин жасалган ачкыч менен ачышып, сумканы көтөрө качышкан. Сумканын ичинде 700 миң доллар болгон. Уурулар окуя болгон жерден из жашырууга үлгүрүшкөн.

 

Бул боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.