Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

 

 «Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

 

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн чейрек кылымында прокуратура калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал жолунан өттү, ал ар дайым мамлекеттик органдар системасында өзгөчө орунду ээлеп келген.

 

Акыркы жылдарда прокуратура органдарынын ишин өркүндөтүү үчүн көп иштер жасалды, жөнөкөй адамдардын укуктарын, мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер алгылыктуу болду, терроризмге, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү. Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоодон улам прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасы бекемделип, кызматкерлердин эмгек шарттары жакшыртылды.

 

Бирок, бүгүнкү күндө биздин жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо мамлекеттик саясаттын башкаруу деңгээлинин башына коюлуп жатканда, укуктук мамлекеттин негиздери бекемделип, прокуратуранын ролу жана мааниси кыйла жогорулап жатат.

 

Ушундан улам, укук коргоо органдарынын, анын ичинде прокуратуранын масштабдуу реформасын жүргүзүү чечими кабыл алынган. Бул реформа бүтүндөй укук коргоо системасынын ишин өркүндөтүү үчүн жаңы келечекти түзүүгө жол ачат.

 

Мамлекет аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткаруусуна көзөмөл жүргүзүү, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдарды сактоо бөлүгүндө прокуратуранын ролун күчөтүүгө жана ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө барууда.

 

Мындай шарттарда прокуратура иш жүзүндө бүтүндөй укук коргоо системасынын ырааттуу ишин жана тазалыгын камсыз кылган эч кынтыксыз, таза орган болууга тийиш.

 

Ал бардык деңгээлдердеги чиновниктердин өзүм билемдигине жана жазасыз калуусуна чечкиндүү түрдө бөгөт коюусу керек. Коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдын реалдуу үстөмдүгүн камсыз кылат. Ушул иштен мыйзамга жана адилеттикке жөнөкөй адамдардын ишеними көз каранды болот.

 

Прокуратура кызматкерлеринин калыстыгы жана объективдүүлүгү, компетенттүүлүгү жана өз милдеттерин так аткаруусу, кызматтык милдетке берилгендиги жана жеке тартиби бул иштин ийгилигинин чечүүчү факторлору болуп эсептелет.

 

Сиздердин билимиңер, тажрыйбаңар жана тайманбастыгыңар биздин сүйүктүү Мекенибизге – Кыргызстанга кызмат кылууга, аны бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталарына терең ишенем.

 

Дагы бир ирет Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм!

 

Прокуратура органдарынын бардык кызматчыларына ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм.

 

Мыйзамдын ишенимдүү сакчыларынын ардактуу наамы ар дайым силердин жооптуу ишиңерде күч-кубат берип, энергия жана оптимизмди жаратып турсун!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                             А.Ш. Атамбаев».