Жолугушууда Мамлекет башчысы тасманын режиссерлору Бакытбек Мукулду жана Дастан Жапар уулун, ошондой эле башкы каармандын ролун аткарган Ыйманберди Мукулду эл аралык ири конкурстарда, анын ичинде Монрелда (Канада) өткөн «А» классындагы кинофестивалдын «Алтын карек» сыйлыгын алган тасманы  жаратышы менен куттуктады.

 

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле дизайнер-модельер Аида Робертованы Москва шаарында өткөн Надежда Ламанова атындагы кесипкөй дизайнерлердин конкурсунда  Гран-прини жеңип алышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы жаш таланттуу дизайнерлер өздөрүнүн чыгармачылык пландарын Кыргызстанда жүзөгө ашыруусун, ата-мекендик мода индустриясын өнүктүрүүгө көмөктөшүүсүн каалай тургандыгын билдирди.

 

 «Биздин байыркы элибиз пассионардуу жана абдан таланттуу,- деди Алмазбек Атамбаев. – Биздин келечегибиз инсандын ар тараптуу өнүгүшүндө: бизнесте да, маданиятта да, саясатта да таланттууларга жана жөндөмдүүлөргө жол ачышыбыз керек.  Мамлекеттин максаты – сиздер сыяктуу чыгармачыл адамдарды колдоо».