19-ноябрда коомдун Стамбулда өткөн кезектеги жыйынында уюмдун жаңы башкаруу кеңеши шайланып, анын акыркы маалда солгундаган ишин жандантуу маселеси талкууланды.

 

Анкара шаарындагы кеңсени биротоло жабуу тууралуу чечим кабыл алынганын коомдун негиздөөчүсү Айбек Сарыгул мындайча түшүндүрдү. ​«Азыркы Түркиядагы чукул кырдаалдын негизинде биздин Анкарадагы филиалыбызга мөөр коюп кетишкен. Эмнеге мөөр коюп кетишкени бизге дагы деле белгисиз. Бирок көп эле биздикине окшогон коомдорду жаап жатышат. Бүгүнкү жыйында болсо Анкарадагы кеңсебизди биротоло жаап туралы деген чечимге келдик. Анткени мөөрүн качан алышары белгисиз болуп жатат», - деп кошумчалады ал.

 

Стамбулдагы жыйында "Достук жана маданият коомунун" башына жаңы жаш жетекчилер шайланды. Алардын бири Ырысбек Керезбек уулу шайланган беш кишинин алдында уюмдун ишин жаңылоо максаты турганын айтат.

 

Коомдун 158 активдүү мүчөсүнүн 40 пайызын Стамбулдагы студенттер түзөт. Жаңы келген студенттер коомдон ар тараптуу колдоо алып келишкен. Стамбулдагы "Достук жана маданият коому" 2010-жылы түзүлгөн. Ал жеке демөөрчүлөрдүн каражаты жана мүчөлүк төлөмдөр менен каржыланат.