Стивен О’Брайен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде билдиргендей, курчоо аскердик тактика катары негизинен өкмөттүк аскерлер тарабынан жарандарга карата жасалууда.

 

«Жай тургундар изоляцияларга, бомбалоолорго кабылып, ачкадан өлүп жатат. Аларды багынып берүүгө же качып кетүүгө көндүрүү максатында медициналык жана гуманитардык жардамдар көрсөтүлүүдө», - деди ал.

 

О’Брайен бардык сириялыктарды коргоого жөндөмсүз болуп жана «өз элине карата аба соккуларын жасоо» үчүн улуттук суверинитеттен чегингендиги үчүн президент Башар Асаддын режимин кескин сынга алды.