"Коомдук чечим" фондунан акыркы кездери аталган мыйзамды колдонууда реестрге жаңы уюмдарды киргизүүгө караганда, андагы бейөкмөт уюмдарга басым жасоо учурлары көбөйүп жатканын белгилешүүдө. Баяндаманын авторлорунун билдирүүлөрү боюнча, тизмеге экологиялык, кайрымдуулук, укук коргоочу, агартуучу жана медициналык уюмдар киргизилген.

 

Фонддун маалыматына ылайык, 26 уюм жабылып калгандыктан, дагы 18 уюм чет өлкөлүк каржылоодон баш тарткандыктан улам реестрден чыгарылган. Бейөкмөт уюмдар өздөрүн «чет элдик тыңчы» деп таануудан баш тарткандыгына байланыштуу 50гө жакын административдик иш ачылган. Ошол эле маалда Юстиция министрлигинин аракеттери мыйзамсыз деп таанылган бир дагы учур катталган эмес.

 

Өткөн жума күнү эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму «чет элдик тыңчылар тууралуу» мыйзам иштеген төрт жыл ичинде Орусияда көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдар жоголуп кетүү коркунучуна кептелгенин билдирген.

 

Орусияда аталган мыйзам 2012-жылдын 21-ноябрынан бери иштейт. Ага ылайык, саясий ишмердүүлүк менен алектенип, чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар атайын реестерде катталууга тийиш.