Орусиянын Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда жүк-200 менен жасаттарды жеткирүү боюнча тиешелүү документтер даярдалууда. Каза болгондордун баары Согди облусунан келишкен.

 

Мигранттар иштеген «Горизонт» компаниясы каза болгон тажик жумушчулардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берет, андан тышкары сөөктөрдү Тажикстанга жеткирүү жана жерге берүү чыгымдарын көтөрөт.

 

Тюмен облусунун Юргин айылындагы “Абсолют Агро” тоок фабрикасынын курулуш аянтчасында вагондон чыккан өрттөн Тажикстандын жети жараны курман болду. Алар 19дан 29га чейинки курактагылар болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан келип чыккан. Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.