Печать
Категория: Коом
Просмотров: 601


Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, документ жашы жете электерге диний ырым-жырымдар менен нике кыюуга жол бербөө максатында кабыл алынды. Ал 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аны өткөн айда парламент көпчүлүк добуш менен колдоп берген.

 

Эрте никеге тыюу салуу үчүн Yй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова сунуштаган.

 

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы 18 жаш. Бул мыйзам күчүнө кирсе, жашы жете электерге диний жөрөлгө менен нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган. Дүйнөлүк Save the Children (Балдарды коргоо) уюмунун иликтөөсүндө эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча Кыргызстан 59-орунда турат.