Печать
Категория: Коом
Просмотров: 573

 

Келдибековду Биринчи май райондук соту КР Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде айыптуу деп тапкан жана 30 миң эсептик көрсөткүчтө айыппул салган. Аталган сот белгиленген берененин 4-бөлүмү менен экс-депутатты актаган.

 

Бирок Бишкек шаардык соту райондук соттун актаган чечимин өзгөрткөн жана ага 50 миң эсептик көрсөткүчтө айыппул салган. Бул 10 миллион сомду мамлекеттин казынасына төлөөгө чечим чыгарылганын билдирет.

 

Жогорку сот ушул жылдын октябрь айында Келдибеков боюнча Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин карап чыгып, аны өзгөртүүсүз калтырган.