Эрдоган Өзбекстанга 17-ноябрь күнү кечинде учуп келди. Бүгүн анын Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер менен жолугушуусу күтүлүүдө.

 

Эрдоган ошондой эле Өзбекстанды 25 жыл бою башкарган өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө барууну пландоодо. Ушул жылдын сентябрында Каримов Самаркандда жерге берилген.

 

Түрк президенти Өзбекстанга Пакистандан учуп келди. Ал 17-ноябрда пакистан парламентинде сүйлөп жатып Батышты ислам дүйнөсүндө башаламандыкты жайылтууга көмөктөшүүгө айыптады. Ал «экстремизмге каршы чогуу күрөшүү» үчүн мусулмандарды келише албастыктарды жоюга чакырды.