Учурда Германиянын аймагында 250 миңге жакын оогандык бар. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин баамында, бул Ооганстандан чыккан жарандардын жалпы санынын 5 пайызга жакынын түзөт. Качкындарды мекенине кайтарууга каршы болгондор өлкөдөгү абал жетишерлик деңгээлде туруктуу эмес экенине тынчсызданып, жашоочулар үчүн мурдагыдай эле коркунуч бардыгын билдиришүүдө. 2015-жылы Германия Ооганстанга 9 гана адамды жөнөтсө, 2016-жылы алардын саны 27ге жетти.

 

1994-жылы Ооганстанда «Талибан» ислам кыймылы пайда болгон. 1996-жылы алар бийликке келип, өлкөнү 2001-жылга чейин башкарган. АКШда болгон 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин НАТОнун башкаруусундагы эл аралык коалициянын куралдуу күчтөрү Ооганстанда аскердик операцияларды баштап, ислам кыймылынын бийлиги кулатылган. 2014-жылы Пентагон аскердик миссиясын аяктаган, бирок исламчыл топ кылмыштуу ишмердүүлүгүн, анын ичинде маңзатын сатуу жана бошотуу үчүн акча талап кылуу максатында адамдарды туткунга алуу менен алектенүүсүн улантып келет.