– НАТОнун Борбор Азиядагы байланыш кеңсеси чынында эле 2017-жылдын мартынын аягында жабылат. Мындай чечим ички бюджетти кароонун жыйынтыгында кабыл алынды жана саясий мүнөзгө ээ эмес. Өзбекстан тараптан эч кандай басым болгон жок. Тескерисинче, биз дайыма аймакта жылуу тосуп алууларды сезип, тиешелүү деңгээлдеги жемиштүү жана натыйжалуу кызматташтыкка кубанып келгенбиз. НАТО үчүн Борбор Азия приоритет болгон жана ошол бойдон кала берет. Өнөктөштүк уланып, апрелден тарта биздин өз ара кызматташтыгыбыз Брюсселден башкарылып турат, – деди кеңсе башчысы.

 

НАТОнун Борбор Азиядагы байланышы боюнча кызматкерлерин кабыл алган аймактагы алгачкы өнөктөшү Казакстан болгон.

 

2013-жылдын жайында кеңсе Ташкентке көчүп кеткен. Өзбекстан борборунда НАТОнун байланыш кеңсеси дипломатиялык өкүлчүлүк катары катталып, ошол эле жылдын августунда ишин баштаган.