Казакстан бийлиги маалымат берүү менен теракттын алдын алууга жардам берген адамдарга сый акы төлөп берүүнү шарттай турган документти карап жатышат. Сый акынын көлөмү – 750дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч деп белгиленүүдө (бир АЭК азыр 2121 теңгеге же 6,2 долларга барабар).

Токтомдо аныкталгандай, сый акы террорчу кылмыш жоопкерчилигине тартылса же кылмыш-процессуалдык кодексинин негизинде кылмыш-ишин токтотуу боюнча токтом чыгып, күнөөлүү жаран күч менен дарыланууга жаткырылса гана берилет.

 

Сый акы бир гана жолу ыйгарылат жана теракт боюнча маалымат берген кишинин банктык эсебине которулат.

 

Токтомдун долбоорун Улуттук коопсуздук комитети иштеп чыкты.