Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин айтымында, трасстык декларация боюнча документ оффшордук тилкедеги Белиз мамлекетинин расмий мекемеси тарабынан апостил катары күбөлөндүрүлгөн. Анда Southfield компаниясынын 3 депутатка 22 пайыз (7+7+8) акциясы тиешелүү боло турганы айтылган, бирок түшчү каражат 50 млн доллардан кем эмес болууга тийиш деген шарт коюлган.

 

Ал «Альфа Телекомдун» акцияларынын сатылышына байланыштуу бул документ УКМК үчүн да күтүүсүз болгонун, документ керез таризинде жазылганын, ал кайсы булактан кандай жол менен алынганын азырынча так айта албай турганын кошумчалады. Айрым маалыматтарга караганда, Southfield («Саутфилд») Максим Бакиевге таандык компаниялардын бири болуп саналат.

 

Ал эми прокурор Индира Жолдубаева Президент Белиз мамлекетинен келген трасстык документтерди текшерүү боюнча  тапшырма бергенин, алардын көчүрмөлөрү Башкы прокуратурага келип түшкөнүн, азыр алардын аныктыгы текшерилип жатканын билдирди. Ал документтерди тактоо иштеринин так фактыларга таянуу менен калыс жүргүзүлүшүнө көзөмөл кылууга убада берди.

 

Андан сырткары, УКМК төрагасы менен башкы прокурор депутаттардын Белиз мамлекетинен келген трасстык документтерге байланыштуу суроолоруна жооп берди.

 

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин жыйынынын жүрүшүндө бир катар депутаттар Белиз өлкөсүнөн келген трасстык документтердин таржымалы жөнүндө УКМК менен Башкы прокурордун маалыматын угуу тууралуу сунуш кылган.