Маалымдалгандай, ошол эле милиционерлер кийин акча талап кылуу максатында жарандарга маңзатын жашыруун таштап кетүү менен да алектенишкен.

Маалыматты аныктоо үчүн бир нече жолу алардан маңзат сатып алып көрүшкөн. 16-ноябрда түнкү саат 00:30дар чамасында Бишкектин борборунда маңзатын сатуу маалында борбордун Биринчи май райондук ИИБсинин кызматкерлери К.Б жана К.Ж кармалышкан.

 

Алардын жанынан 64 миң сом өлчөмүндөгү атайын белгиленген акча каражаты жана 1,8 грамм маңзаты алынган.

 

Бул факты боюнча «Сатуу максатында маңзатын мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташып жүрүү» жана «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.