Спикер айрым депутаттар сөз сүйлөөгө эки жолудан жазылып алышканына нааразыланды.

 

“Анан мени дайыма кантип жыйынды алып баруу керектигин үйрөтүп отурасыңар”, - деди Турсунбеков.

 

Депутат Төрөбай Зулпукаров спикерге “биз канча суроо беребиз өзүбүз билебиз, бизди башкарганга укугуңуз жок” деди.

 

Ал Чыныбай Турсунбековду “эгер дагы ушундай боло берсе, аны алмаштыруу маселесин көтөрүшөөрүн да” кошумчалады.

 

Зулпукаровдун  добушун бийиктетип сүйлөгөнү спикердин безине тийди. Алар мушташа кетүүгө да аз калышты, ачууланган экөөнү кесиптештери эки жакка бөлүп кетишти.

 

Акырында депутаттар жыйынды бүгүнкүгө калтырышты.