Эске салсак, экс-депутат Фейсбук тармагына Белорусияда мечит ачылганы тууралуу маалымат жарыялаган. Комментарийлерде Эшенгазиев аттуу колдонуучу экс-депутат менен диний көз караштары туура келбегендик, талаш-тартыш башталган. Бакир уулу ага көчодө жолугуп, сүйлөшүүнү сунуштаган.

Экс-депутаттын айтымында, жолугушууга  жалгыз барган.

“Буга Аллах күбө! Түнкү саат ондо Чүй-Манастагы жер астындагы өткөөлдөн жолугушмакпыз. Барсам Эшенгазиев келе элек экен. Ал жерде турсам бутиктердин биринин сатуучусу жана коопсуздук кызматкери мени таанып калышып жаныма басып келишти. Алар менден эмнеге бул жерде тураарымды сурашты. Мен бир ишеними жок адам Фейсбукта мени жана исламды мазактоого алганын айтып бердим. Ал биздин жолугушууну видеого тартам деген. Арадан 10 мүнөт өткөндө бейтааныш адам жаныма келип, “Ваххабит, маңкурт, мен келдим”, - деди. Колумду сунсам кабыл албады, ар кандай мазактаган сөздөрдү айтып атып кастетке окшогон нерсе менен оң тарабына урду да качып жөнөдү. Кийинчерээк белгилүү болгондой, өйдөдө аны тааныштары күтүп турушуптур. Алар да, бир  аял менен төрт эркек дайыма Фейсбуктан ислам менен мусулмандарды мазактоого алып турушат. Аял өзү айтканына караганда, Фейсбукта  Mari Anna деп катталган экен”, - дейт Турсунбай Бакир уулу.

Ал алган жараатынан улам учурда ооруканада дарылануу курсун алып атат. Бирок, толугу менен ооруканага жатуудан баш тарткан. Айтымында, эртең менен келип дарыланып кечинде кайра үйүнө кетет.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить