Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Анда айтылгандай, 14-ноябрда, саат 12:50дө Биринчи май райондук ИИБине Баетов көчөсүндөгү үйдү тоношкону боюнча маалымат келип түшкөн.

Иликтөө иштеринин негизинде, 14-ноябрда саат болжол менен 12:30дар чамасында жаран Текебаева үйүнө келип, ачкыч менен каалгасы ачылбай атканынан, кулп ичинен бекитилгенин байкаган. Ал 102 кызматы телефон чалга. Суракта батир Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин аялына таандык экени маалым болгон. Батир үч бөлмөлүү, экинчи кабатта жайгашкан.

 

Жаран Текебаева бул батирден алар бир ай мурун көчүп кетишкенин айткан. Кароо учурунда окуя болгон жерден алты бармак изи табылган. Учурда соттук экспертиза дайындалды. Факт Биринчи май райондук ИИБинде катталды.