Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруунун бардык деӊгээлинде коррупцияга каршы туруу иштерин жандантуунун жана күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, УКМК АКК алдында антикоррупциялык иштердин натыйжалуулугун арттыруу жана коррупцияны алдын алуу боюнча маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

 

Президенттин оюнча, Антикоррупциялык кызмат жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүүгө, коррупция менен күрөш чараларын өркүндөтүүгө жана коомчулук менен ишти күчөтүүгө тийиш.