Кечээ, 14-ноябрда Жерди айланган ай биз жашаган планетага абдан жакын келди. Мындай кубулуш окумуштуулардын айтымында 68 жылдан бери биринчи жолу болуп атат.

 

 

 

 

Маалыматка караганда, айдын өзгөчө чоң болуп толушу 1948-жылы байкалган. Эми 2034-жылы да бул көрүнүш кайталанат.

 

Асмандагы өзгөчө толгон айдын сырын астрономиялык кубулуш деп түшүндүрүшөт. Ай менен Жер бири бирине абдан жакындашканда ушундай көрүнүш орун адат. Бул учурда айдын щооласы адаттагыдан 30%га жарык тийет жана 14 пайызга даана көрүнөт.