Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин үйүнө кечээ, белгисиз адамдар бастырып киришкен. Бул учурда үйдө эч ким болгон эмес.  

 

“14-ноябрда менин Баетов көчөсүндөгү 79 үйдө жайгашкан батириме белгисиз адамдар киришкен. Окуя болжол менен 13:00дөрдө болду. Жубайым үйгө келип эшикти ачайын десе эле, эки кулпунун бири ичинен бекилгендиктен ачылбаптыр. Кайра-кайра аракеттенип атып да ача албагандыктан мага телефон чалды. Мен дароо барып, милиция чакырдык. Бизге кимдир бирөө терезеден качып чыгып кеткендей сезилди. Үйдөгү буюмдар болушунча чачылыптыр, терезенин текчесинде турган капарадагы гүл дагы томолонуп калыптыр”,-дейт саясатчы.

 

Айтымында, ал бул үйдө 20 жылдан бери жашап келатат. Баалуу буюмдар жоголгон эмес, көрүнөө жерде турган кымбат баадагы саат да ордунда калган.

 

“Бирок, кайсы буюмдар, документтер жоголгонун толугу менен жоктоп чыга элекмин. Менин чочулаганым, кайсы бир буюмдун жоголушу болуп аткан жок, кирген белгисиз адамдар бир нерсе таштап кетиштиби деп ойлоп атам. Муну иликтеп чыгуу керек”,- дейт Текебаев

 

Бул иш боюнча иликтөө иштерин Биринчи май райондук ИИБи жүргүзүүдө.