Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарынын чектешкен аймактарындагы буга чейин такталбаган 14 тилкеде биргелешкен талаа изилдөө иштери өткөрүлгөнү кабарланууда. Анын жетиси боюнча бирдиктүү пикир табылган. Бул боюнча азырынча кыргыз тарап маалымат бере элек.

 

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзөт. Анын 320 чакырымы такталбай турган. Мунун айынан акыркы жылдары чек арада ар кандай чыр-чатактар чыгууда.

 

2016-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын жандануусу байкалууда. Чек ара маселелери боюнча жумушчу топтор бир нече жолу жолугушууга жетишти.