УКМКга келген документтерге ылайык, 2015-жылга чейин “Альфа Телекомдун” акцияларынын 50 пайызы сатылган учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова өздөрүнө тиешелүү акциялардан түшкөн кирешени бөлүп алмак. Бирок соттун чечими менен “Мегакомдун” калган 50 пайыз акциясы камакка алынганына байланыштуу сатык токтотулган.

 

Белиз өлкөсүнөн келген документтерге караганда, үч депутаттын ар биринде дээрлик 8 пайызга чейин акциялар болгон. Ошол эле учурда “Альфа Телеком” Максим Бакиевге таандык болуп, 2010-жылы ишкананын 50 пайызы улутташтырылган.

 

Мамлекет башчы ортого чыккан маалыматтарга байланыштуу бардык жагдайларды тыкыр иликтеп, бул боюнча коомчулукту кабардар кылып турууну тапшырды.

 

Ал ортодо “Ата Мекен” фракциясынын аты аталган депутаттары УКМК жасалма документтерди көрсөтүп жатканын, аларга карата каралоо жүрүп жатканын билдиришти.''