Бул комиссияга ата-энелердин кайрылууларындагы бардык фактыларды 20-ноябрга чейин иликтеп чыгуу тапшырылды.

 

Мэриянын билим башкармалыгынын жетекчиси Сауле Меймановага кыска убакыттын аралыгында баланы мектепке кайра жайгаштыруу жана анын андан аркы билим алуусуна жакшы шарттарды түзүү милдети жүктөлдү. Ошондой эле карама каршы кырдаалды жараткан  жоопкер адамдардын жоопкерчилигин кароо да коюлду.

 

Комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун билдирүүсүнөн кийин түзүлдү. Ал аталган мектепте завуч 8 жашар балага кол көтөргөнү тууралуу айткан. Коомчулукка да бул маселени журналисттер алып чыгып, баланын энесинин айтымында, 2-класстын окуучусу мугалим тарабынан басмырлоого кабылган. Баланын энеси ата-энелер комитети болгондуктан, завуч мугалимдер күнүнө белекке алгысы келген кир жуучу машинаны бере алышпай калгандыктан, баласына басым жасап баштаган.

 

Ал эми мектептин директору эч кандай басым көрсөтүү болбогонун билдирген.