УКМК башчысы буга чейин депутаттар тарабынан айтылып жана ЖМКлар менен коомчулукта кеңири талкууланып жаткан айрым кызмат адамдары катышкан коррупция фактыларын текшерүүнүн жыйынтыктары тууралу Президентке маалымат берди.

 

Атап айтканда, А.Сегизбаев Белиз мамлекетинин (Борбор Америка) расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын Президентке кабарлады. Ал документтер 2012-жылы апрелде «Альфа Телеком» ЖАКтын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50%тен ашыгы) сатуудан түшкөн АКШнын 50 млн доллардан ашык суммасын «Саутфилд» компаниясынын (божомолдор боюнча анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөйт.

 

УКМКнын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев алынган документтерди кароодо мыйзамдын бардык жол-жоболорун кынтыксыз сактоо зарылдыгын жана мындай фактылардын пайда болушуна алып келген жайгдаларды тереӊ изилдөөнүн маанилүүлүгүн билдирди.