Алтын кен жайгашкан аймактарда, эбегейсиз баш аламандык орун алганы боюнча  эбактан бери эле коомчулук тарабынан коңгуроо кагылып келген. Бийлик төбөлдөрү тоо- кен тармактарын жең ичинен сатып келгенин кантип тана алат? Тоо- кен тармагында  эффективдүү иш алып барылбай,  уурулук орчундуу орунду элеп алган. “Көзөмөлсүз алтын өндүргөн контробанданын кирешеси жылына алты тоннага барабар” дешет айрым эксперттер. Мындай көлөмдөгү алтынга жуздөгөн мектеп, бала бакча, акыркы жетишкен техникаларды сатып алса болмок. Бул фактыны тоо-кен адистери жана өкмөт дагы жакшы билишет. Ошондой эле алтын концентратты чек арадан мыйзамдуу жана мыйзамсыз чыгарып кеткенин маалымат берилип келген.  Себеби ашмалтайы чыккан укук коргоо органдары милиция, прокуратура, соттор пара алуу менен алек болуп,  улуттун байлыгы болгон тармактагы уурулукту жаап жашырып келишкен. Мындай жагдайда инвесторлорго ыңгайсыз шарт дагы түзүлөөрү шексиз.  Негизи, Тоо -кен өндүрүү ишине текшерүү, көзөмөл кылууга тиешеси бар мамлекеттик органдар “баса калып акча алмай!” куралга айлантып алышканын байма-бай айтылып келет. Бийлик инвесторго көмөк көргөзөйүн деген ниети жок, ар дайым калп сүйлөгөндү өздөштүрүп алышкан. Эгерде, “Солтон Сары” алтын кенин, күч органы толук кандуу көзөмөл кыла алса, мамлекетке бир далай эле кирише түшмөк.  Ошондой эле инвесторлордун укугу корголуп иштери алдыга жылмак.  Айрым шылуун жергиликтүү жарандар бийликтин уурулуктун өнөктөшү болуп алып, инвесторлордун мыйзамдуу лицензияланган жерлерине кирип, алтын кору бар ар кайсы жерин чукуп, өз билемдикке салып жатса, ким жардам берет? Мына ушундай кырдалга ЖЧК «Эгиз Төр”- девелопинг»  дагы кабылды. Бул маалыматка  жергиликтүү эл да кабатырланышууда. “Солтон–Сары” кенине өкмөт көзөмөл кыла албай жатканын УКТРдан телеэфирде  көргөзгөн эле. Бул теле сюжетте: Нарын областындагы “Эмгекчил” айлынын  шылуун “азаматтары” алтын жаткан тоону ар кайсы жерин тешип, алтындын корун алып, үйлөрүнө чакан алтын тазалоочу цехтерди ачып алышканын жүз миңдеген көрүүчүлөргө көргөзгөн. Бул эпчилдерде кадимки фабрикадай ташты майдалаган чакан станок менен алтынды бөлүп чыгарып, көзөмөлсүз цехтерден алтынды эритип 999 пробадагы алтын алып жүрүшпөйбү. Мындан тышкары “Солтон Сары” кениндеги мыйзамсыз окуялар жөнүндө ММКда көп жолу макалалар да чыккан. Ошол макалалар  Кыргыз Өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарымдуу өкүлү Канат Муратбековго дагы тиешелуу болчу. Себеби, К. Муратбеков  бул кызматта иштеп турган кезде ошол эле “Солтон Сарыда”  баш аламандык орун алган болчу. К. Муратбеков көзөмөлсүз алтынды алып жаткандарга, бир дагы чара көргөн эмес, анткени ал ошол кенден өз “үлүшүн”  алып турган дешет билгендер. Болбосо,  областын бийлик башында туруп, күч органдары аркылуу  тартипке салып койсо болмок, бирок бир дагы аракет кылган эмес. Анан эле Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын башчысы болгондон кийин мыйзам чегинде иш кылуу менен жергиликтуу калкка чон жардам тийгизип жаткан ЖЧК «Эгиз Төр”- девелопинг»  компанияга кысым көргөзүп, лицензиясын алып коюга чейин барып жатканы эмгекти балабагандык. Өкмөт өзү тартипке салып,инвесторго шарт тузуп бере албаса, инвестор кантип жергиликту элди тыя алат. Ансыз деле инвестор таяк жеп, үйлөрү өртөнүп, мүлктөрүнөн ажырап жатса дагы, күч органы эчтеке кыла алган эмес. Ал эмес, АК. “Кыргызалтындын” жерин оюп бир жагынан кирип алтындын корун алып жатпайбы. Эми эле  К. Муратбеков мамлекеттик техинспекцияны башкаргандан бери инвесторлорго шарт түзүү боюнча тажрыйбалуу кенешин бербей, “ар жагынан кытыгылап” сол чөнтөккө доллар тушүрө албай келет.   Ошондуктан “Солтон- Сары” алтын кениндеги баш аламандыкты мамлекеттик деңгээлде чечүүгө туура келет. К. Муратбеков “мен малекеттик техникалык экологиялык инспекциямын!” Силерди урганым жок!” деп тымызын  “отметка” бербесенер лицензиянарды жокко чыгарам дегенин, мыйзам көтөрө албайт. Ошондуктан К. Муратбеков экологиялык кырдалды өкмөттук программа тузуп коомчулукту кошуп баш аламандыкты чогуу чечсе, алкышка татыйт болчу.  Ошол эле жергиликтүү калк экология маселе такап көп жер жерлерден каршы акция өткөрүп жатпайбы. Тим эле “экологиялык кыйроого алып келе жаткандай миф!” пайда болууда. Чындыгында чет өлкөлүк инвестор өтө чон тобокелге салып келишет, инвестор бийликтин “Отметкадан” өтүп, андан кийин жергиликтуу калк дагы чон маселе жаратат эмеспи. Себеби Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү жок экенин көрүп турат. Мисалы ММКын архивдерин караштырсак 13 май 2013 жылы Чон Алайда милициясын кошуп эл сабап инвесторду кубалап тыштаган. 18 октябрь 2013 жылда Кадамжайда Инвестордун офисин өрттөп, техникаларын талкалап таштаган. 2013 жылдын жаз айларында “Жети Өгүздө” ири акция өтүп “Күмтөр компаниясына каршы турушуп, аз жерден губернаторду өрттөп коё жаздашкан. 3 апрель 2014 жылы  Бакай Ата районунда 500 адам акцияга чыгып 19 милиционерди таш баранга алган. Бир гана мамлекеттик геология агентствосунун директору Д. Зилалиев көп жерден жергиликтуу калктын тилин таап, калыстыкты, ачык айкындыкты көргөзө алган. Ошондуктан Д. Зилалиев лицензия берген жерлерде ызы чуусу жок ийгиликтуу иштеп жатат.  Чындап келгенде ачык айкындык болгон жерде бир дагы наразычылык болбойт. Өкмөттун алдында көз карандысыз илимпоз, адистер, коомдук активистерден, жергиликтуу сый- урматка жеткен жарандардан комиссия түзүп бардык нааразычылык, баш аламан чыккан жерге барып маселелерди чечсе туура болмок. Анан эле К. Муратбеков кара күчкө салып “милицияга арыз менен кайрылгыла!”- дегени шоона эшпейт экен. Милициянын колунан эчтеке келбей жатат алар акчага какап калган. Муратбеков “мага баары бир силердин аймак болгондон кийин штраф төлөгүлө”- деп, эми лицензияга асыла баштады.”Солто Сары” өрөнүндө 20 жылдан ашык убакыттан бери өндүрүш иштеп экология бузуганын эми көрүп жатабы? 2,3 жылдан бери мызамдуу иштеп жаткан инвесторду “сенин күнөөң!” дегени акылга сыйбаган иш. Инвестор деле буга чейин жергиликтуу калкка социалдык жардам берип, дагы башка маселесин чечип, чалгындоо ишин кылып  жатса, маселе жаратканы өкүнүчтү. Тоолордун ар кайсы жерлерин жергиликтуу шылуу “азаматтар” казып жатат аларды Өкмөт же КУДАЙын күчү жетпей жатса бир жагынан К. Муратбековдун жоругу күч алды. Уландысы дагы болот.

 

 

Эркин журналист

Адимзада Турусова