Анын айтымында, дүкөн, супермаркет, күркөлөрдө спирт ичимдиктерин чекене сатууга тыюу салуу сунушталууда. Ошол эле маалда алкоголь ичимдиктерин көңүл ачуу жайларында колдонууга чектөө киргизилбейт.

 

Бекешев алкоголь маңзаттан дагы коркунучтуу деп эсептейт. Анын билдиришинче, маңзат колдонгондорго караганда спирт ичимдиктерин ичип мас болгондор жол кырсыктарына арбын кабылышат.

 

Мыйзамды аткарууну көзөмөлдөө жөнүндө сөз кылып жатып, Бекешев айылдыктар арак сатууга өздөрү тыюу салып баштаганын, көйгөй учурда шаарда бар экенин кошумчалады.