Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Баткен облусуна мурда бир келишинде жергиликтүү тургундар ушул айылда мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылганын айтты.

Алмазбек Атамбаев Президенттик ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганча айтылган өтүнүчтөрдү жана айылдын проблемаларын чечүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди.

«Келерки жылдын аягына чейин Кыргызстанда бир да авариялык абалдагы мектеп болбойт. Ошону менен бирге жолдорду куруу жана сугат суулары менен камсыздоо маселелери да чечилет. Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга акыркы келишинде республиканын бир катар региондорун сугат суу менен камсыздоо маселесин талкууладык. Ал бул маселенин чечилишине көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Жакында эле Кыргызстанга Германиянын айыл чарба министри келип кетти. Жакын арада биз өлкөнүн ирригация системасын өнүктүрүү тууралуу биргелешкен меморандумга кол койобуз », - деди Мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле Бүргөндү массивин өздөштүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, Баткен облусу айыл чарба багытындагы сугат жерлеринин аянтын көбөйтүүгө муктаж.

Мамлекет башчысы өлкө бюджетинин 24 пайызы билим берүүгө жумшалып жатканын жана мамлекет балдарга өзгөчө көңүл бурушу керектигин баса белгиледи.

«Биз өсүп келе жаткан жаш муундарыбызга өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Кыргызстандын эң башкы байлыгы – бул анын эли. Бүгүн ушул жаңы мектепте билим алган балдарыбыздын арасынан да Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов сыяктуу көрүнүктүү ишмерлер чыгаарына ишенем», - деди Президент.

Иш чаранын аягында Алмазбек Атамбаев мектептин ачылышы менен айыл тургундарын куттуктады жана окуу жайдын керектөөлөрү үчүн 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.