“Өлкөдө курулуп бүтө элек социалдык мекемелер өтө көп. Өкмөт аларды аягына чыгаруунун ордуна, жаңыларды баштап атышат. Жыйынтыгында, жыл сайын курулуп бүтө элек курулуштар көбөйүп баштады”, - деди депутат.

 

Айтымында, үч айдан бери ал өкмөткө аймактардагы калктын санынын өсүүсү, курулуш жана курулуп бүтө элек обьектилердин картасы, курулуш пландары жана ага коротулуучу каражаттар тууралуу маалымат ала албай келет.

 

“Мындай маалыматтардын башын бириктиргенде, кайсы аймакка чындыгында мектеп, же оорукана курулушу зарыл экендиги белгилүү болот. Бул документтерге анализ жасоо менен келечектеги курулушту кайсы жерге баштоо керектиги аныкталат”, - деди депутат.