Бул тууралуу Москва прокуратурасынын сайтына жарыяланды.

 

Анда айтылгандай, Айбашова Москвада ижарага алынган батирде жашап турган. 2016-жылдын июнунан августуна чейин оозеки келишимдин негизинде, үч мекендешине жашаганга жай берген.

 

Үч мигранттын Россиянын аймагында убактылуу жашаганга уруксат кагазы блгон эмес. Ага карабай Айбашова аларды жашай турган жер менен камсыздап, ай сайын акы алып турган. Легалсыз жашап аткандарды Тверь райондук аймактык полиция кызматкерлери аныкташкан. Мындан улам легалсыз мигранттарды турак-жайында жашаткан аялга сот 10 ай эркинен ажыратуу өкүмүн кабыл алган.