Бишкек – “Саясат.kg”. Ошто өспүрүм балдардын арасында ич өткөк менен ооругандардын саны өсүп кеткен. Бул тууралуу Ош шаардык балдардын жугуштуу ооруканасынын башкы дарыгери Кайрат Абжалов билдирди. Анын айтымында аталган ооруканада 180 бала жатса, алардын 70 пайыздан көбү ич өткөк оорусунан жабыр тартып, дарыланууда.

 

«Биздин ооруканага кайрылган ата-энелер балдарынын ичи өткөнүнө байланыштуу келип жатышат. Азыркы күндө ооруканада жаткан 180 баланын ичинен 70 пайыздан көбү ич өткөк оорусунан жабыр тарткандар болуп жатат»,-дейт К.Абжалов.
 
Дарыгердин айтымында, жаш балдардын эле эмес, чоңдордун дагы арасында бул оору күч алып баратат. Анын ушул кезде себебин жер-жемиштерди өстүрүүдө аларды ар кандай түрдөгү дарыларды көп пайдалануу менен чоңойтуп, сатыкка чыгарып жаткандыктан, ошондой эле атуулдар өздүк гигиенаны туура сактабагандыктан болууда деп түшүндүрүшүүдө.