Бишкек – “Саясат.kg”. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Талас шаарындагы картошканы кайра иштетүүчү завод пайдаланууга берилет. Индия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга гранттык жардам түрүндө берилген 2,4 млн. сом суммасына курулуп жаткан бул картошканы кайра иштетүүчү завод “Агроазыктүлүк” корпорациясынын карамагына өткөрүлүп берилген. Завод “Азык” акционердик коомунун базасында иштетилип, саатына 100 кг. чипсы жана 95 кг. майдаланган картошка чыгарат. Анда жалпысынан 50 адам жумуш менен камсыз болот. Азыр заводдун имаратында толук оңдоо иштери жүрүп жатат. Мындай маалыматты Талас облустук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

 

Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Б. Прадхан, Индиянын коммерция жана өнүгүү министрлигинин алдындагы PEC LTD фирмасынын башкы директору Д.Гупта жана «Aar tss exim put. LTL» компаниясынын аткаруучу директору Р.Мишра бүгүн Талас облусунда болушуп, губернатор Койсун Курманалиева менен чогуу аталган заводдун жабдыктарынын курулушун көрүп чыгышты.
 
2004-жылдан тартып Кыргызстан менен Индия өкмөттөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анын натыйжасында 2009-жылдын 12-майында келишим түзүлгөн жана 2010-жылы Индия тарап картошканы кайра иштетүүчү жабдыктарды Талас облусуна жеткирип берген.