Бишкек – “Саясат.kg”. Мурда маалымдалгандай, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин «Көчмө коомдук кабылдамасы» 3-август күнү Талас облусунун Манас районунан өзүнүн жарандарды кабыл алуу боюнча жумушун баштады.

 

Алдын ала облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларга, айылдык округдар менен айыл башчыларына кабыл алуулар боюнча маалыматтар берилген. «Көчмө коомдук кабылдамага» негизинен айыл округдары менен айыл башчылары келишип, айылдардагы көйгөйлөрдү айтышууда.
 
Манас районунда негизги көйгөй жер алдынан чыккан суулар жарандардын турак-жайлары менен эгин аянттарына зыянын тийгизип жаткандыгы экен. Бул райондо айрым эгин талаалары жер алдынан чыккан суулардын айынан камыш басып жаткандыгы, кээ бир чуңкурчаларга суу толуп, жаш балдардын сууга түшүп кетүү коркунучун пайда кылып жаткандыгы айтылды. Тилекке каршы, бул көйгөй менен алектенген эч ким жоктугун айтышкан айыл округ башчылары  маселени Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен башка эч ким чече албастыгын айтышты.
 
«Көчмө коомдук кабылдама» андан ары Кара-Буура районунда уланып, бул жерде деле негизги көйгөй жер алдынан чыккан суулар экендиги айтылды. Башка аймактардан айырмаланып, Кара-Буура районунда куюн көп болоорун Чоң-Арык айылдык округунун башчысы Б.Стамалиев билдирди. Анткени, эгер шамал секундасына 25 метрден өтсө, ал өзгөчө кырдаал катары катталат, ал эми куюн болуп кетсе, эч жерде катталбай калууда. Ушул маселени Өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлерине киргизүү маселесин кароону сунуштады. Мындан сырткары жайыттар үчүн акча төлөп, бирок ал жактарга баруучу жолдордун кароосуз калгандыгы да кендирди кесүүдө, дешет айыл башчылары. Бүгүнкү күндө 22 үй-бүлө жайлоодо калышып, жол каттамы жок экендигин мисал катары айтышат. Ал эми жайыттарга төлөнгөн акча каражаттары кайда жумшалып жаткандыгын айткан эч ким жок, дешет айыл аксакалдары.
 
Жогорудагыдай эле көйгөйлөр облустун Бакай-Ата жана Талас райондорунда жана Талас шаарында да айтылды. Айрыкча Талас облусунун Манас айылынын жашоочулары жер алдынан суунун чыкканына бир айдан ашып кетсе да, тиешелүү органдар келбегендигин айтышууда.
 
Аталган айылда кайсыл үйгө баш баксаң да жер төлөсүн суу басып жатат. Ошондой эле айылдагы мектептин да пайдубалынын жарымынан суу басып жатат. Бул маселе менен бүгүн күрөшпөсө, эртең калкка да, мамлекетке да чоң зыян алып келээри талашсыз.