Бүгүн, 9-августа, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева белгилүү кытайлык сүрөтчү Цинь Байландын “Кызыл үйдө кирген түш” аттуу көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышты. Бул көргөзмө Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү.

Көргөзмөнүн экспозициясына коюлган 65 сүрөттө байыркы Кытайдын адабиятындагы сулуулар чагылдырылган. “Менин сүрөттөрүмдөгү негизги каармандар - Кытай тарыхында из калтырган белгилүү айымдар жана кытай адабий класссикасындагы легендарлуу инсандар. Балким, келечектеги коллекцияма кыргыз аялдарынын портреттери да кирип калар”, - дейт кытайлык сүрөтчү айым.

Мамлекет башчысы кызыл тасманы кесүү менен көргөзмөнү ачып, андан кийин сүрөтчү айым менен бирге көргөзмөнүн экспонаттары менен таанышып чыкты. Ц.Байлань мамлекет башчысына бир сүрөттүн сюжеттик маанисин айтып берди. Сүрөттө Цзин Вэй деген куш деңизди кум менен толтурууга аракет кылып жатканы чагылдырылган. Байыркы кытай мифине ылайык, Янь императорунун кызы деңизге чөгүп кетип, Цзин Вэй деген кушка айланган жана “мындан ары эч ким чөкпөсүн” деп деңизди кум менен толтурганга аракет кылып келет экен.

Президент көргөзмө менен таанышып чыгып, музейдин Ардактуу конокторунун китебине каалоо-тилегин жазып калтырды. Ушул маалда Цинь Байлань 7 мүнөттүн ичинде гель ручкасы менен атайын кагазга Президент Роза Отунбаеванын портретин тартып, аны мамлекет башчысына белекке берди.

Р.Отунбаева өз сөзүндө сүрөтчүгө жана көргөзмөнүн уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралар зор маданий потенциалы бар өлкөнү түшүнүүгө жардам бере тургандыгын айтты. “Биз Кытай жөнүндө көп нерсени билебиз, экономикалык байланыштарыбыз дагы активдүү өнүгүп келе жатат. Бирок, эки тараптуу мамилелерде маданият өзгөчө орунду ээлейт эмеспи. Бүгүн өтүп жаткан көргөзмө гуманитардык диалогду кеңейтүүгө салым кошот деп ойлойм. Көрсөтүлгөн сүрөттөрдө сымбаттуулук менен лирика айкалышып турат жана көргөзмө Кытайдын руханий байлыгынан ырахат алууга мүмкүнчүлүк берди”, - деди Р.Отунбаева.

Президент ушул сыяктуу көргөзмөлөр эки элдин бири-бири менен таанышып, түшүнүүсүн, маданий байланыштардын арттырылышын шарттай тургандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы сүрөтчү айымга кайрылып, анын өмүрү – акылмандыктын, руханий күчтүн жана туруктуулуктун үлгүсү деп белгиледи. “Сиз өзүңүздүн турмушуңуз менен ар бир адам койгон максатына жетип, мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана тургандыгын көрсөтө алдыңыз. Биз байкагандай, Сиз сүрөт тартуу техникасын абдан мыкты билет экенсиз, кандай гана көргөзмө болбойлу, Сизге гана тиешелүү болгон сүрөтчүлүк чеберчилигиңизди так ажыратып, тааныса болот деп эсептейм. Сиздин чыгармачылыгыңыз ушул көргөзмөгө келген кыргызстандыктардын жүрөгүнөн орун алды”, - деди Роза Отунбаева жана Цинь Байланга чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматты