Нарын театрындагы коррупционерди колдогон министр Н.Шакиев кетсин!

 

-Директор А.Жакшылыков кетсин!
 
-Коррупцияга жол жок!
 
-Коррупционер А.Жакшылыковду ЖК депутаты К.Самаков, экс-министр С.Раев колдогондугун токтотушсун!
Ушундай сөздөрдү жазып алышып, 9-август күнү Нарын облустук М.Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрдын бир катар кызматкерлери облустук акимчиликтин алдына пикетке чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирди.
 
КРнын Эмгек сиңирген артисти Кенжегул Мендебаиров театрда моралдык дагы, нравалык дагы климат жоктугун, Маданият министрлигинин иликтөөсү бир беткей болгондугун белгилесе, артисттер Ишенгүл Жуманазарова, Бактыгүл Каамытова талаптары аткарылгычакты мөөнөтсүз акцияга чыга беришерин жана ачкачылык дагы жарыялашаарын белгилешти. Артист Бурул Үсөнбаева театрдын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыковдун үстүнөн шаардык прокуратура министрликке сунуш келтиргендигин, натыйжада кайра-кайра сөгүш алып эле жаткандыгын кеп кылды. Ал эми театрдын алдындагы «Долон» фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси Калыгул Самаков пикетке чыккандарга каршы экендигин, айрым тирешкен күчтөрдүн кесепетинен чыгармачылык иштер аткарылбай жаткандыгын телефон аркылуу билдирди.
 
Жагдай боюнча театрдын директору А.Жакшылыков эс алууда болгондуктан улам байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми ЖКнын депутаты К.Самаковдун кеңешчиси Алибай Сариев Самаков жакында Нарын шаарына барганда А.Жакшылыковду эч кандай негизде коргобостугун, кызматка жоопкерчилик менен иштебесе директорлуктан алууну колдоорун билдиргендигин телефон аркылуу жооп кылды.
Баракелде